Мазмунга өтүү

Академик Кусеин Карасаевдин 125 жылдыгына арналган жолугушуу өткөрүлдү

В БГУ состоялась встреча, посвящённая 125-летию академика Кусеина Карасаева

Академик Кусеин Карасаевдин 125 жылдык мааракесин белгилөөнүн алкагында К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде студенттер менен мазмундуу жана маанилүү жолугушуу уюштурулду.

Иш-чарага Стамбул университетинин саясат таануу илимдеринин доктору Нурлан Кангелди жана тарых илимдеринин доктору, профессор Гүлзада Абдалиева катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө коноктор академик Кусеин Карасаевдин өмүр жолу, илимий жана педагогикалык ишмердүүлүгү, ошондой эле кыргыз тил илимине кошкон зор салымы тууралуу кеңири баяндама жасашты. Алар өз сөздөрүндө окумуштуунун эмгектери кыргыз элинин руханий мурасын сактоо жана өнүктүрүүдө өзгөчө мааниге ээ экенин белгилешти.

Иш-чаранын алкагында студенттер улуу окумуштуунун тагдыры, илимий изденүүлөрү жана анын эмгектеринин бүгүнкү күндөгү актуалдуулугу боюнча баалуу маалыматтарды алышты. Ошондой эле коноктор жаштарды илимге умтулууга, улуттук баалуулуктарды терең өздөштүрүүгө жана аларды сактоого чакырышты.