Мазмунга өтүү

БМУнун кыргыз күрөш боюнча курама командасы универсиада–2026да II орунду ээледи

Сборная команда БГУ по кыргыз күрөшу заняла II место на универсиаде–2026

2026-жылы өткөрүлгөн Универсиада–2026 спорттук мелдешинде академик К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин кыргыз күрөш боюнча курама командасы ийгиликтүү катышып, командалык эсепте ардактуу II орунду ээледи.

Мелдешке өлкөнүн жогорку окуу жайларынын мыкты спортчулары катышып, таймаштар курч атаандаштыкта өттү. Мындай шартта БМУнун балбандары жогорку деңгээлдеги даярдыгын жана спорттук чеберчилигин көрсөтө алышты.

Жеке көрсөткүчтөр боюнча жеңүүчүлөр:

1-орун: Жекшенбеков Нурдин, Жоробеков Умар, Аширадиев Элбек

2-орун: Жумабеков Адилет, Токтомамбетов Атабек

3-орун:Токтоналиев Ибрахим, Токторбаев Барсбек, Жолдошбеков Бекмырза

Бул жыйынтык спортчулардын тынымсыз эмгегинин жана машыктыруучулардын сапаттуу даярдыгынын натыйжасы болуп саналат.

БМУнун жамааты жеңүүчүлөрдү куттуктап, аларга мындан аркы мелдештерде дагы ийгиликтерди каалайт.