Мазмунга өтүү

БМУда Кытай Коомдук илимдер академиясынын Россия, Чыгыш Европа жана Борбордук Азия институтунун делегациясы менен жолугушуу болуп өттү

В БГУ состоялась встреча с делегацией Института России, Восточной Европы и Центральной Азии Китайской академии общественных наук

Академик К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде Кытай Коомдук илимдер академиясынын Россия, Чыгыш Европа жана Борбордук Азия институтунун делегациясы менен жолугушуу болуп өттү. Иш-чара эл аралык илимий кызматташтыкты чыңдоого жана академиялык диалогду өнүктүрүүгө багытталды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Россия, Чыгыш Европа жана Борбордук Азия аймактарынын актуалдуу өнүгүү маселелери боюнча пикир алышып, биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, академиялык алмашууларды ишке ашыруу жана биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Катышуучулар өнөктөштүк мамилелерди мындан ары кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, кызматташууну улантууга даяр экендиктерин билдиришти.