2026-жылдын 27-январында академик К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде Кытай Эл Республикасынан келген Кытай коомдук илимдер академиясынын университетинин делегациясы менен жолугушуу болуп өттү.
Иш-чаранын алкагында тараптар институционалдык эки тараптуу кызматташтыктын келечектүү багыттарын талкуулашты. Атап айтканда, өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу мүмкүнчүлүгү, студенттер менен окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгүн өнүктүрүү, биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, ошондой эле кыска мөөнөттүү академиялык программаларды, жайкы мектептерди жана биргелешкен илимий иш-чараларды уюштуруу маселелери каралды.
Жолугушууга академик К. Карасаев атындагы БМУнун жетекчилиги, кыргыз-кытай факультетинин жана кытай филологиясы кафедрасынын өкүлдөрү катышты. Кытай коомдук илимдер академиясынын университетинин делегациясынын курамында эл аралык кызматташтык жана глобалдык билим берүү багыттары үчүн жооптуу жетекчилер жана алдыңкы окутуучулар болду.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өнөктөштүк байланыштарды мындан ары тереңдетүүгө өз ара кызыкдар экендиктерин билдирип, академиялык жана илимий кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары боюнча мындан аркы өз ара аракеттенүүнү улантуу тууралуу макулдашышты.









