К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин кызматкерлери 2026-жылдын 13–17-январь күндөрү Ысык-Көл облусундагы «Жыргалаң» курортунда ден соолуктарын чыңдап, эс алып келишти.
Аталган эс алуу сапары университеттин профсоюз уюму тарабынан уюштурулуп, профсоюздун каржылык колдоосунун негизинде ишке ашты. Тактап айтканда, профсоюз ар бир катышуучунун жолдомосунун 50 пайызын каржылады.
Бул демилге кызматкерлердин ден соолугун сактоого, эс алуусуна шарт түзүп, эмгек жамаатынын социалдык колдоого болгон ишенимин бекемдеди. Катышуучулар университеттин профсоюз уюмуна түзүлгөн мүмкүнчүлүк жана көрүлгөн камкордук үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдиришти.
