2026-жылдын 26-январында академик К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде Франция Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси менен расмий жолугушуу болуп өттү.
Жолугушууга БМУнун ректору, профессор Мирлан Дылдаев, эл аралык байланыштар жана инвестициялар боюнча проректор Фархад Тологонов, эл аралык байланыштар жана инвестициялар департаментинин директору Эдиль Канатбеков жана аталган департаменттин координатору Рахат Рай кызы катышты.
Франция тараптан Франция Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николя Фай, Француз альянсынын президенти Гузель Ишенова жана Campus France уюмунун координатору Аменис Жерен катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө жогорку билим берүү тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, академиялык мобилдүүлүк программаларын кеңейтүү жана билим берүү жаатындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.







