Мазмунга өтүү

БМУнун студенти «Орхун» программасы менен Түркияга окууга жөнөтүлдү

Студентка БГУ направляется на обучение в Турцию по программе «Орхун»

БМУнун «Эл аралык мамилелер» багытынын 3-курстун студенти Нурланова Дарья Түркия Республикасынын Конья шаарындагы Сельджук университетине «Орхун» программасынын алкагында академиялык мобилдүүлүк менен окууга жөнөтүлдү.

Эл аралык кызматташтык жана инвестиция боюнча проректор Фархад Төлөгөнов студентти куттуктап, окуусунда жана эл аралык билим берүү чөйрөсүндө ийгиликтерди каалады.

Бишкек мамлекеттик университети эл аралык кызматташтыкты үзгүлтүксүз өнүктүрүп, студенттерди чет өлкөлүк академиялык программаларга катышууга колдоону улантууда.