2026-жылдын 28-январында академик К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин алдындагы ҮАББКДКЖИнин “Менеджмент жана социалдык-маалыматтык технологиялар” кафедрасы тарабынан Кыргыз Автономиялык Республикасынын түзүлгөнүнө 100 жылдыгына арналган тегерек стол өткөрүлдү.
Иш-чаранын алкагында тарыхый баяндамалар жасалып, Абдыкерим Сыдыков тууралуу видеофильм көрсөтүлдү. Баяндамалар катышуучулардын кызыгуусун жаратып, мазмундуу талкуу болду.
Жолугушуу жылуу маанайда өтүп, тарыхый эстутумду сактоо жана аны муундан муунга өткөрүп берүү маанилүү экендиги белгиленди.




