2026-жылдын 29-январында академик К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин ардактуу профессору, мамлекеттик жана коомдук ишмер, дипломат жана саясатчы Ишенбай Абдуразаковдун китептеринин бет ачар аземи болуп өттү.
Иш-чаранын алкагында автордун төмөнкү эмгектери окурмандарга сунушталды:
Ишенбай Абдуразаков. «Размышления / Ой-толгоолор», II том;
Ишенбай Абдуразаков, Муратбек Иманалиев. «Неоконченный диалог».
Бет ачар аземине коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, дипломаттар, илимий чөйрөнүн өкүлдөрү, жогорку окуу жайдын окутуучулары жана студенттер катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар жаңы эмгектердин мазмуну, алардын илимий жана коомдук мааниси тууралуу пикир алмашып, авторду эскерип, эмгек жолуна жана коомго кошкон салымына токтолушту.











