2026-жылдын 28-январында академик К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин кинозалында Окумуштуулар кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү.
Жыйында Кыргыз–Кытай факультетинин учурдагы абалы жана өнүгүү келечеги талкууланып, университеттеги илимий темаларды, кандидаттык жана доктордук диссертациялардын жетекчилерин жана консультанттарын бекитүү маселеси каралды.
Ошондой эле ар кандай маселелердин алкагында чет өлкөлүк жана жергиликтүү окумуштууларга ардактуу жана окумуштуулук наамдарды ыйгаруу тууралуу чечимдер кабыл алынды.
Жыйын университеттин билим берүү жана илимий ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө багытталган маанилүү маселелерди камтыды.








