Мазмунга өтүү

Бишкек мамлекеттик университети BNK Capital жана BNK Финанс менен кызматташтык меморандумуна кол койду

Бишкекский государственный университет подписал меморандум о сотрудничестве с BNK Capital и BNK Финанс

2025-жылдын 2-февралында академик К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети менен Глобалдык бизнес департаменти BNK Capital (Сеул, Түштүк Корея) жана BNK Финанс (Бишкек) уюмдарынын ортосунда кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюулду.

Кол коюу аземине Бишкек мамлекеттик университетинин ректору Мирлан Дылдаев, BNK Capital компаниясынын жетекчиси Мун Кенг Хо, BNK Финанс компаниясынын директору Чой Джонг Кын, ошондой эле окуу жайдын окутуучулары, кызматкерлери жана студенттери катышты.

Меморандумдун алкагында дуалдык билим берүү программасын ишке ашыруу, студенттер үчүн практикалык даярдыкты күчөтүү, ошондой эле университеттин бүтүрүүчүлөрүн жумушка орноштурууга көмөк көрсөтүү каралган. Бул кызматташтык билим берүү менен бизнес тармагын тыгыз байланыштырып, заманбап талаптарга жооп берген адистерди даярдоого багытталган.