Академик К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде University of Guelph-Humber (Торонто, Канада) университетинин профессору, өнүгүү психологиясы боюнча адис, доктор Майкл Мюллер менен жолугушуу болуп өттү.
Жолугушуунун алкагында БМУнун ректору, профессор Мирлан Дылдаев жана университеттин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү менен расмий сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, эки тараптуу кызматташтыктын келечеги талкууланды. Атап айтканда, академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү, кыска мөөнөттүү окуу визиттерин жана студенттер үчүн жайкы мектептерди уюштуруу, ошондой эле биргелешкен билим берүү жана илимий долбоорлорду ишке ашыруу маселелери каралды.
