Мазмунга өтүү

Бишкек мамлекеттик университетинде Тобокел Мамыровдун элесине арналган волейбол боюнча мелдеш өткөрүлдү

В Бишкекском государственном университете прошёл турнир по волейболу, посвящённый памяти Тобокела Мамырова

В Бишкекском государственном университете с целью развития физической культуры и спорта среди студентов, популяризации здорового образа жизни, а также укрепления межфакультетского сотрудничества и дружеских отношений был проведён межфакультетский турнир по волейболу, посвящённый памяти рекордсмена по прыжкам в высоту, мастера спорта Тобокела Мамырова.

Бишкек мамлекеттик университетинде студенттердин дене тарбиясын жана спортун өнүктүрүү, сергек жашоо образын жайылтуу, ошондой эле факультеттер аралык кызматташтыкты жана достук мамилени бекемдөө максатында бийиктикке секирүү боюнча рекордсмен, спорт чебери Тобокел Мамыровдун элесине арналган факультеттер аралык волейбол мелдеши өткөрүлдү.

Балдар арасында:

1-орун — Экология жана менеджмент факультети

2-орун — Журналистика жана маалыматтык системалар факультети

3-орун — Европа цивилизациясы факультети

Кыздар арасында:

1-орун — Журналистика жана маалыматтык системалар факультети

2-орун — Европа цивилизациясы факультети

3-орун — Экология жана менеджмент факультети

Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчүлөргө дипломдор жана сыйлыктар тапшырылып, катышуучуларга ыраазычылык билдирилди. Мындай спорттук иш-чаралар студенттердин дене тарбиясын чыңдоого, активдүү жашоо образын калыптандырууга жана университеттик чөйрөдө позитивдүү атмосфера түзүүгө өбөлгө болот.