2026-жылдын 18–19-март күндөрү академик К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде 21-март — Нооруз майрамына карата салтанаттуу иш-чаралар уюштурулду.
Майрамдык программа 18-март күнү улуттук салттарыбыздын ажырагыс бөлүгү болгон сүмөлөк бышыруу аземи менен башталды. Бул иш-чара университет жамаатынын ынтымагын чыңдоого, муундар ортосундагы байланышты бекемдөөгө жана маданий мурастарыбызды сактоого багытталды.
19-март күнү майрамдык иш-чара университеттин колледжинин окутуучулары жана студенттери тарабынан уюштурулуп, чыгармачыл жаштар өз өнөрлөрүн тартуулашты. Концерттик программада улуттук ыр-бийлер, сахналык көрүнүштөр жана ар түрдүү маданий номерлер көрсөтүлүп, көрүүчүлөргө көтөрүңкү маанай тартууланды.
Иш-чаранын негизги максаты — Нооруз майрамынын тарыхый жана маданий маңызын кеңири жайылтуу, жаштарды улуттук каада-салттарды урматтоого тарбиялоо жана университет ичиндеги ынтымакты бекемдөө болуп саналат.
