11-декабрда Эл аралык тоо күнүнө карата Экология жана менеджмент факультети "Кыргызстанда туруктуу өнүгүү үчүн тоо экосистемаларын коргоо" деген темада тегерек стол уюштурду.
Иш-чарага Борбордук Азия геоилимдер борборунун адистери, Жаратылыш ресурстарын коргоо боюнча кыргыз-герман уюмунун өкүлдөрү жана окутуучулар катышты.
Тегерек столдо тоо экосистемаларын коргоо, жаратылыш ресурстарын туруктуу пайдалануу жана экологиялык коопсуздук маселелери боюнча кызыктуу жана маалыматтуу презентациялар жасалып, андан кийин талкуулар болду.
