Мазмунга өтүү

Кыргыз-венгер ректорлорунун экинчи форуму

Второй Кыргызско-Венгерский форум ректоров

К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин ректору Мирлан Дылдаев Кыргыз-Венгрия ректорлорунун экинчи форумуна катышып, Паннония университети жана Сегед университети менен кызматташуу келишимине кол койду.

Форум 2025-жылдын 19-сентябрында Бишкек шаарында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде өттү. Аны Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги өлкөнүн алдыңкы университеттеринин колдоосу менен уюштурган.

Иш-чарага эки өлкөнүн университеттеринин ректорлору жана өкүлдөрү катышты. Катышуучулар биргелешкен илимий долбоорлорду, билим берүү программаларын өркүндөтүү, студенттер менен профессордук-окутуучулук курамдын академиялык алмашуусу, билим берүүгө санариптик технологияларды киргизүү маселелерин талкуулашты.

Форумдун жыйынтыгында артыкчылыктуу багыттар боюнча адистерди даярдоо, биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашыруу, илимий кызматташтыкты кеңейтүү боюнча макулдашууларга жана меморандумдарга кол коюлду.