Академик К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин кыздар командасы жогорку окуу жайларынын арасында өтүп жаткан шахмат боюнча Универсиада–2026 мелдешинин Жогорку лигасында байгелүү үчүнчү орунду ээледи.
Мелдешке өлкөнүн жогорку окуу жайларынын командалары катышып, катышуучулар интеллектуалдык таймашта жогорку деңгээлдеги оюн көрсөтүштү.
БМУнун кыздар командасы туруктуу даярдыкты, стратегиялык ой жүгүртүүнү жана командалык биримдикти көрсөтүп, жыйынтыгында Универсиаданын коло байгесин багындыра алды.
Университет жамааты команда мүчөлөрүн жетишкен ийгилиги менен куттуктап, алдыдагы мелдештерде дагы жогорку жыйынтыктарды багындыруусун каалайт.
