Мазмунга өтүү

БМУга Корея Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси расмий визит менен келди

В Бишкекский государственный университет с официальным визитом прибыл Чрезвычайный и Полномочный Посол Республики Корея

2026-жылдын 13-мартында академик К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетине Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ким Квангдже расмий визит менен келди.

Визиттин алкагында Элчи университеттин ректору, профессор Мирлан Дылдаев менен жолугуп, ошондой эле, Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин корей филологиясы кафедрасынын профессордук-окутуучулар курамы жана корей бөлүмүнүн студенттери менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө корей филологиясы багытын мындан ары өнүктүрүү, корей тилин билген жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо, ошондой эле эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ортосундагы академиялык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, BNK Finance компаниясынын колдоосу менен университеттин корей бөлүмүнө окуу жабдууларын өткөрүп берүү боюнча атайын актка кол коюлду. Бул демилге билим берүү процессин жакшыртууга жана корей тилин окутуунун материалдык-техникалык базасын чыңдоого багытталган.