Мазмунга өтүү

БМУнун студенттери Универсиада–2026да тогуз коргоол боюнча байгелүү үчүнчү орунду ээлешти

Студенты БГУ заняли призовое третье место по тогуз коргоол на Универсиаде–2026

Универсиада–2026 спорттук мелдешинин алкагында тогуз коргоол оюнунун Жогорку лигасында академик К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин студенттери ийгиликтүү оюн көрсөтүштү.

Мелдештин жыйынтыгында университеттин эркектер командасы атаандаштарын артта калтырып, ардактуу 3-орунду багындырып, жогорку деңгээлдеги даярдыгын жана мыкты оюн чеберчилигин далилдеди.

Ал эми, кыздар командасы татыктуу оюн көрсөтүп 4-орунду ээледи.

Академик К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети бардык спортчуларды жетишкен ийгиликтери менен куттуктап, мындан аркы мелдештерде жаңы жеңиштерди жана ийгиликтерди каалайт.