Мазмунга өтүү

БМУда Венгриянын University of Szeged университетинин делегациясы менен жолугушуу өттү

В БГУ состоялась встреча с делегацией University of Szeged (Венгрия)

2026-жылдын 18-мартында академик К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде Венгриянын University of Szeged университетинин өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.

Делегацияны университеттин ректору Мирлан Дылдаев Эл аралык кызматташтык жана инвестициялар департаменти менен биргеликте кабыл алды. Делегациянын курамына экономика жана бизнес-администрлөө факультетинин эл аралык байланыштар боюнча директору, PhD Ildikó Pusztai Varga, ошондой эле Альберт Сент Дьёрди атындагы медициналык мектептин кабыл алуу комиссиясынын адиси Borbalá Váró кирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө студенттер менен окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгү жана Erasmus+ программасынын алкагындагы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Тараптар жакынкы убакытта биргелешкен билим берүү программаларын ишке киргизүүгө жана өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдиришти.