Мазмунга өтүү

Академик К. Карасаев атындагы БМУ менен Хиросима университети кызматташтык келишимине кол коюшту

БГУ им. академика К. Карасаева и Университет Хиросимы подписали соглашение о сотрудничестве

2026-жылдын 17-мартында академик К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультети менен Япониянын Хиросима университетинин Т. Морито атындагы Глобалдык жогорку билим берүү институтунун ортосунда кызматташтык келишимине кол коюу аземи болуп өттү.

Аталган келишим японтаануу багытында академиялык кызматташууну өнүктүрүүгө, япон тилин окутуунун сапатын жогорулатууга, ошондой эле эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ортосундагы илимий жана билим берүү байланыштарын кеңейтүүгө багытталган.

Иш-чаранын жүрүшүндө Хиросима университетинин доценти, педагогика илимдеринин доктору Сайдзё Юто баяндама жасап, университеттер аралык кызматташуунун маанисине токтолду. Бишкек мамлекеттик университетинин билим берүү тармагына кошкон салымы жана көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн ага БМУнун Ардактуу профессору наамы ыйгарылды.

Бул келишим Бишкек мамлекеттик университетинин эл аралык байланыштарын чыңдоодо жана билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө маанилүү кадам болуп саналат.