Россия жана Кыргызстан билим берүү системаларын өнүктүрүү боюнча практикумдун алкагында К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин ректору Мирлан Дылдаев М. Акмулла атындагы Башкыр мамлекеттик педагогикалык университетине иш сапары менен барды.
Иш сапардын жүрүшүндө эки жогорку окуу жайдын жетекчилигинин расмий жолугушуусу болуп өтүп, анын жыйынтыгында билим берүү программалары жаатында кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюлду.
Келишим педагогика, логопедия багыттары боюнча биргелешкен билим берүү программаларын, ошондой эле дефектология боюнча атайын «2+2» форматындагы программаларды ишке ашырууну камтыйт. Бул формат студенттердин эки университетте интеграцияланган негизде билим алуусун камсыздайт.
Ошондой эле иш сапардын алкагында академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү, окутуучулар жана студенттер алмашуу, ошондой эле биргелешкен илимий-билим берүү долбоорлорун кеңейтүү маселелери талкууланды.
Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагынын өкүлдөрү М. Акмулла атындагы БМПУда окуу процессинин уюштурулушу, заманбап окутуу ыкмалары жана келечектеги педагогдорду даярдоо практикасы менен таанышты. Айрыкча мектептик билим берүү тармагында тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурулду.
