Мазмунга өтүү

2026-жылдын 7-майында К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети Урал федералдык университети менен биргеликте УрФУнун Урал гуманитардык институтунун базасында кыргыз таануу борборун ачты.

В рамках сотрудничества БГУ и УрФУ в Уральском федеральном университете состоялось открытие Центра кыргызоведения

2026-жылдын 7-майында К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети Урал федералдык университети менен биргеликте УрФУнун Урал гуманитардык институтунун базасында кыргыз таануу борборун ачты.

Жаңы борбор кыргыз тилин, тарыхын, адабиятын, маданиятын жана кыргыз элинин салт-санааларын изилдөөгө багытталган маанилүү билим берүү, илимий жана маданий аянтча болуп саналат. Ошондой эле ал Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы гуманитардык кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө түзөт.

Борбордун ачылышы БМУ менен УрФУнун көп жылдык өнөктөштүгүнүн жыйынтыгы болуп саналат. Бул мезгил ичинде университеттер биргелешкен билим берүү программаларын, илимий долбоорлорду, академиялык алмашууларды жана эл аралык конференцияларды ишке ашырышкан.

Бишкек мамлекеттик университетинин ректору Мирлан Дылдаев жана Урал федералдык университетинин ректору Сергей Кортов кыргыз таануу борборунун ачылышы кыргыз маданиятын өнүктүрүүдө жана эл аралык академиялык байланыштарды бекемдөөдө маанилүү кадам экенин белгилешти.

Борбор бир нече багытта иш алып барат: билим берүү, илимий, маданий-агартуу жана эл аралык багыттар. Илимий конференцияларды, тегерек столдорду, кыргыз маданиятынын күндөрүн, лекцияларды, көргөзмөлөрдү өткөрүү жана биргелешкен изилдөө долбоорлорун ишке ашыруу пландалууда.

Өзгөчө көңүл «Манас» эпосун изилдөөгө, Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына, жаштардын демилгелерин өнүктүрүүгө жана академиялык мобилдүүлүк программаларына бурулат.

К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети УрФУнун жетекчилигине, Екатеринбургдагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугуна, коомдук уюмдарга жана кыргыз таануу борборунун ачылышын колдогон бардык өнөктөштөргө ыраазычылык билдирет.