Мазмунга өтүү

К. Карасаев атындагы БМУга М. Акмулла атындагы Башкыр мамлекеттик педагогикалык университетинин делегациясы расмий сапар менен келди

В Бишкекский государственный университет имени К. Карасаева с официальным визитом прибыла делегация Башкирского государственного педагогического университета имени М. Акмуллы

2026-жылдын 13-майында К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетине М. Акмулла атындагы Башкыр мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору Салават Талгатович Сагитов жетектеген делегация расмий сапар менен келди.

Делегациянын курамында Москва мамлекеттик психологиялык-педагогикалык университетинин тышкы байланыштар боюнча проректору Хож-Ахмед Халадов да болду.

Сапардын негизги максаты университеттер аралык эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоо, академиялык жана илимий байланыштарды өнүктүрүү, ошондой эле жогорку билим берүү тармагындагы эл аралык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү болду.

Расмий иш-чара БМУнун аймагында уюштурулган бак отургузуу аземи менен башталды. Ага жогорку окуу жайлардын жетекчилери жана администрация өкүлдөрү катышып, бул иш-чара университеттер аралык достуктун, өнөктөштүктүн жана узак мөөнөттүү кызматташтыктын символу катары белгиленди.

Сапардын алкагында М. Акмулла атындагы БДПУнун ректору Салават Талгатович Сагитов менен К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин ректору Мирлан Муктарович Дылдаевдин расмий жолугушуусу өттү. Жолугушууда тараптар биргелешкен билим берүү жана илимий долбоорлорду ишке ашыруу, студенттер менен окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгүн өнүктүрүү, ошондой эле кадрларды даярдоо жана эл аралык кызматташтык багытындагы иштерди кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Программанын жыйынтыктоочу бөлүгүндө БМУнун профессордук-окутуучулук курамы, факультет декандары, проректорлор жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери менен жолугушуу өткөрүлдү. Анда жогорку билим берүүнүн өнүгүүсүнүн заманбап тенденциялары, эл аралык академиялык кызматташтыктын келечеги жана мындан аркы биргелешкен ишмердүүлүктүн багыттары талкууланды.

Аталган сапар тараптардын өнөктөштүк мамилелерди чыңдоого, эл аралык билим берүү демилгелерин өнүктүрүүгө жана Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы гуманитардык байланыштарды кеңейтүүгө болгон өз ара кызыкдарлыгын дагы бир жолу тастыктады.