Мазмунга өтүү

К.Карасаев атындагы БМУда «Биздин жалпы Жеңиш — Россия менен Кыргызстандын кызматташтыгынын күчү» аттуу эл аралык кыргыз-орус илимий форуму өттү

В БГУ им. К.Карасаева состоялся Международный кыргызско-российский научный форум «Наша общая Победа – сила сотрудничества России и Кыргызстана»

2026-жылдын 25-майында К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган «Биздин жалпы Жеңиш — Россия менен Кыргызстандын кызматташтыгынын күчү» аттуу ири эл аралык кыргыз-орус илимий форуму болуп өттү.

Форумдун ачылыш аземине жана ишине г.и.д., профессор, БМУнун ректору Дылдаев М. М.; Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси Букуев М. О.; Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин кеңешчиси Храмов С. В.; Москва шаарындагы Горчаков фондунун долбоорлор жетекчиси Демкин И. Л.; Кыргыз Республикасындагы Россотрудничествонун өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Зульхарнеев А. Ф.; п.и.д., Россиянын биринчи Президенти Б. Н. Ельцин атындагы Урал федералдык университетинин биринчи проректорунун орун басары Пономарев А. В.; БМУнун илимий иштер боюнча проректору, Россиянын билим берүү жана илим элчиси Мурзахмедова Г. М.; УПИ, УрГУ жана УрФУ бүтүрүүчүлөрүнүн ассоциациясынын аткаруучу директору; «Сүймөнкул Чокморов» коомдук фондунун башкармалыгынын төрагасы, долбоордун жетекчиси Абдрахманов С. У.; ошондой эле КРнын Агартуу министрлигинин, КР Борбордук мамлекеттик коомдук-саясий документация архивинин өкүлдөрү жана башкалар катышты.

Форумдун уюштуруучулары катары «Сүймөнкул Чокморов» коомдук фонду А. М. Горчаков атындагы коомдук дипломатияны колдоо фонду, БМУ жана УрФУ менен биргеликте иш алып барышты.

Форумга даярдыктын алкагында Кыргыз Республикасынын мектеп окуучулары арасында «Кыргызстан менен Уралдын Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке кошкон салымы» темасында изилдөөчү эсселер сынагы жарыяланган. Долбоор коомчулукта чоң кызыгуу жаратып, өлкөнүн бардык аймактарынан 485 окуучунун эмгеги келип түшкөн.

Жөнөтүлгөн бардык иштер адистер жана калыстар тобу тарабынан кылдат текшерилген. Калыстар тобунун төрайымы, БМУнун жалпы жана орус тил илими кафедрасынын улук окутуучусу Иманкулова Нурия Кенешбековнанын айтымында, курч атаандаштыктын жыйынтыгында 5 абсолюттук жеңүүчү аныкталды. Алар: Бишкек шаарындагы Ленин районунун №31 жалпы билим берүү мектебинин 11-классынын окуучусу Нурланова Акылай; Кыргыз Республикасынын Эл аралык университетинин алдындагы политехникалык колледждин студенти Раскулов Шайлообек; Балыкчы шаарындагы Калыгул Бай уулу атындагы №7 орто мектебинин 10-классынын окуучусу Адилетова Айпери; Бишкек шаарындагы №78 мектеп-гимназиясынын 10-классынын окуучусу Бакытова Алтынай; Жалал-Абад облусунун Манас айылындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы №1 инновациялык орто окуу-тарбия комплексинин 9-классынын окуучусу Усенова Асылзат.

Основная цель форума — обсуждение вопросов сохранения исторической памяти, противодействие фальсификации истории, укрепление гуманитарного сотрудничества и развитие молодежных инициатив.

Форум КРнын Борбордук мамлекеттик коомдук-саясий документация архиви тарабынан Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган уникалдуу көргөзмөнү көрүү менен башталды. «Кыргызстан менен Уралдын Жеңишке кошкон жалпы салымы: фактылар, тагдырлар, окуялар» аттуу пленардык жыйында БМУнун, УрФУнун жана Россия Илимдер академиясынын Урал бөлүмүнүн Тарых жана археология институтунун белгилүү окумуштуулары кыргызстандыктардын Жеңишке кошкон салымы, согуш жылдарындагы Уралдын өнөр жайы жана танк куруу тармагынын ролу, ошондой эле эстутумду сактоодогу санариптик технологиялар тууралуу баяндамаларды жасашты.

Мындан тышкары, «Кыргызстан менен Россиянын аскердик-тарыхый мурасы: жаштардын көз карашы», «Патриотизм жана эстутум: тарыхый чындыкты сактоодогу жаштар долбоорлорунун ролу» аттуу жаштар секциялары жана панелдик талкуулар, ошондой эле «Баарына бир Жеңиш: Россия менен Кыргызстандын элдеринин Улуу Жеңишке кошкон салымы» аттуу студенттик тегерек стол өткөрүлдү.

Бул секцияларда БМУнун студенттери Жеңиштин эл аралык-саясий мааниси, фронттогу баатырлар менен тыл эмгекчилеринин эрдиктери, Советтик Кыргызстандын тоолорундагы аскердик госпиталдар, ошондой эле блокададагы Ленинграддан эвакуацияланган 150 баланы багып алган Токтогон Алтыбасарованын гуманисттик эрдиги тууралуу изилдөө иштерин сунушташты.

Форум иш-чаранын жыйынтыгын чыгаруу жана катышуучулардын жалпы эстелик сүрөткө түшүүсү менен жыйынтыкталды.