Мазмунга өтүү

БМУнун студенттери «Илбирс ЭкоФест – 2026» экологиялык фестивалында I орунду ээлешти

Студенты БГУ — победители экологического фестиваля «Снежный барс ЭкоФест – 2026»

11-июлда Кемин районунун Шабдан айылындагы Чоң-Кемин ат майданында сейрек кездешүүчү жаныбарларды коргоого, экологиялык билим берүүнү өнүктүрүүгө жана туруктуу экологиялык туризмди жайылтууга арналган «Илбирс ЭкоФест – 2026» аттуу ири экологиялык фестиваль өттү.

Фестивалдын алкагында экологиялык мастер-класстар жана көргөзмөлөр, жаш дизайнерлердин катышуусундагы «BARS FASHION 2026» мода көрсөтүүсү, ошондой эле жаратылышка аяр мамиле жасоону жайылткан балдар жана чоңдор үчүн ар түрдүү интерактивдүү иш-чаралар уюштурулду.

Фестивалдын жыйынтыгында академик К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин экология жана менеджмент факультетинин студенттери өздөрүнүн жогорку даярдыгын жана чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүп, I орунду татыктуу багындырышты.

Студенттерибизди жеңиши менен чын жүрөктөн куттуктап, алдыдагы окууларында жана экологиялык демилгелеринде мындан аркы ийгиликтерди каалайбыз!