2025-жылдын декабрь айында академик К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети UI GreenMetric дүйнөлүк университеттер рейтингине кирип, дүйнө боюнча 1740-орунду жана Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын арасында 7-орунду ээледи.
UI GreenMetric рейтингине катышуу университеттин туруктуу өнүгүү принциптерине, экологиялык жоопкерчиликке жана билим берүү, илимий жана административдик ишмердүүлүккө «жашыл» технологияларды интеграциялоого берилгендигин тастыктайт.
Бул жетишкендик экологиялык жактан туруктуу инфраструктураны өнүктүрүү, энергияны үнөмдөөнү жогорулатуу, ресурстарды жоопкерчиликтүү башкаруу жана студенттер менен кызматкерлер арасында экологиялык аң-сезимди калыптандыруу боюнча жүргүзүлгөн системалуу иштердин жыйынтыгы болуп саналат.
Туруктуу өнүгүү демилгелерин илгерилетүүдө Erasmus+ эл аралык долбоорлору маанилүү роль ойнойт, анын ичинде:
«Борбор Азия университеттериндеги жашыл келишимдер»;
«Кыргызстандын жашыл жана санарип университеттери».
Бул долбоорлорду ишке ашыруу заманбап экологиялык стандарттарды, санариптик чечимдерди жана инновациялык башкаруу ыкмаларын кабыл алууга өбөлгө түзөт, университеттин эл аралык академиялык коомчулуктагы позициясын бекемдейт. Бишкек мамлекеттик университети туруктуу өнүгүү принциптерин ишке ашыруу жана жашыл технологиялар жаатындагы эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча ырааттуу аракеттерин улантат.
