4-мартта К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин ректору Мирлан Дылдаев Түштүк Кореянын Данкук университетинин өкүлү Чон Хе Чун менен жолугушту.
Жолугушууда университеттердин ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын келечеги, анын ичинде академиялык мобилдүүлүк программалары, студенттер жана окутуучулар менен алмашуу, биргелешкен илимий жана билим берүү долбоорлору талкууланды.
Мындан тышкары, корей филологиясы жана лингвистика факультетинин студенттери менен жолугушуу өткөрүлүп, анда эл аралык билим берүү программаларына катышуу жана чет элдик кесиптештер менен тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
