Мазмунга өтүү

Бишкек мамлекеттик университетинин жетекчилиги мугалимдерди даярдоону трансформациялоо боюнча жыйынга катышты.

Руководство Бишкекского государственного университета  приняло участие в заседании по трансформации педагогического образования

2026-жылдын 4-мартында академик К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин ректору Мирлан Дылдаев жана окуу иштери боюнча проректор Канатбек Токтобаев 12 жылдык жалпы орто билим берүү системасына өтүү шартында мугалимдерди даярдоону трансформациялоого арналган Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновация министрлигинин кеңейтилген жыйынына катышышты.

Жолугушууда заманбап талаптарга жооп берген, санариптик көндүмдөргө ээ болгон жана инклюзивдүү билим берүүнү ишке ашырууга даяр мугалимдерди даярдоо маселелери талкууланды.

Ошондой эле, Педагогикалык билим берүүнү трансформациялоо боюнча Жол картасын ишке ашыруу, мугалимдерди даярдоонун жаңы моделдери, билим берүү стандарттарын жаңыртуу жана мугалимдердин жетишсиздигин азайтуу боюнча сунуштар талкууланды.

Жыйындын жыйынтыгында эксперттер мугалимдерди даярдоонун жаңыртылган моделдерин сунуштап, Жол картасын ишке ашырууну тездетүү жана ведомстволор аралык кызматташтыкты күчөтүү боюнча чечимдерди кабыл алышты.