2026-жылдын 4-мартында академик К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин ректору Мирлан Дылдаев жана окуу иштери боюнча проректору Канатбек Токтобаев Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинде өткөн жыйынга катышышты. Жыйын Кыргыз Республикасында 12 жылдык жалпы орто билим берүү системасына өтүү шартында педагогикалык билим берүүнү трансформациялоо маселелерине арналды.
Жолугушуунун жүрүшүндө 12 жылдык билим берүү системасына өтүү алкагында заманбап талаптарга жооп берген, санариптик көндүмдөрү өнүккөн жана инклюзивдүү билим берүүгө даяр педагогдорду даярдоо маселелери талкууланды.
Мындан тышкары, педагогикалык билим берүүнү трансформациялоо боюнча Жол картасынын аткарылышы, педагогдорду даярдоонун жаңы моделдери, билим берүү стандарттарын жаңылоо жана мугалим кадрларына болгон муктаждыкты азайтуу боюнча сунуштар каралды.
Жыйындын жыйынтыгында эксперттер тарабынан педагогикалык билим берүүнүн жаңыланган моделдери сунушталып, Жол картасын ишке ашырууну тездетүү жана ведомстволор аралык кызматташууну күчөтүү боюнча чечимдер кабыл алынды.
