Мазмунга өтүү

Факультеттер / Педагогикалык билим берүү факультети

Декандын саламы

Факультет педагогического образования

            Биздин бүтүрүүчүлөр педагогикалык билим берүү факультетинин сыймыгы. Алар өздөрүнүн ой тилектерин ар түрдүү тармактарда ийгиликтүү ишке ашырышууд буга: жалпы жана мектепке чейинки билим берүү системасынан баштап кошумча билим берүү мекемелерине, илимий-методикалык борборлорго, билим берүү долбоорлоруна жана эл аралык программаларга чейин кирет.

Педагогикалык билим берүү факультети

        Педагогикалык билим берүү факультети (ФПО) К.Карасаев атындагы БМУнун Окумуштуулар кеңешинин 2021-жылдын 2-декабрындагы № 05-4/80 буйругунун негизинде түзүлгөн. Факультеттин негизги максаты – келечектеги атаандаштыкка жөндөмдүү, эмгек рыногунда талап кылынган жогорку квалификациялуу окутуучуларды даярдоо.

        Факультет жогорку кесиптик билим берүү боюнча адистерди, аспиранттарды, магистрлерди жана PhD докторлорун даярдайт. Жаштарга педагогика тармагында билим алууга кеңири мүмкүнчүлүктөрдү берет (550700).

        Факультеттин студенттери терең билимди жана практикалык көндүмдөрдү гана алып тим болбостон, заманбап мугалимге керектүү кесипкөй сапаттарды: жоопкерчиликти, эмпатияны, лидерликти, ой жүгүртүүнүн ийкемдүүлүгүн өнүктүрүшөт.

        Биз жаш муундарды жөн эле окутуп тим болбостон, шыктандырган, туура жол көрсөтүп, өнүктүрө алган адистерди даярдайбыз.

        Бизде окуу - бул жөн гана кесипке карай жол эмес, бул өлкөнүн келечегине, адамдык потенциалын өнүктүрүүгө, инсанды тарбиялоого инвестиция.

        Педагогикалык билим берүү факультетинде мугалимдин чыныгы миссиясы башталат.

Абитуриенттер үчүн маалымат

        Педагогикалык билим берүү факультетинин студенттик турмушу бай жана ар тараптуу. Бакалавриат программаларында окуу учурунда студенттер заманбап педагогикалык технологияларды өздөштүрүү менен гана чектелбестен, илимий-изилдөө иштерине активдүү катышып, ар кандай деңгээлдеги конференцияларда өз долбоорлорун сунуштап, кесиптик сынактардын, педагогикалык олимпиадалардын жана форумдардын жеңүүчүлөрү жана байгелүү орундардын ээлери болушат.

        Факультет келечектеги мугалимдин инсандык сапаттарын ар тараптуу өнүктүрүүгө кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берет. Студенттер өздөрүнүн потенциалын билим берүү жана илимий ишмердүүлүктө гана эмес, маданий, чыгармачылык, спорттук жана социалдык маанилүү долбоорлордо да ишке ашырышат. Факультеттин жашоосуна катышуу коммуникативдик жана уюштуруучулук жөндөмдүүлүктү өнүктүрүүгө, лидерлик сапаттарды, жоопкерчиликти жана кесиптик этиканы калыптандырууга өбөлгө түзөт.

        Педагогикалык билим берүү факультетинин бүтүрүүчүлөрү билим берүү системасында жана анын чегинен тышкары мекемелерде да суроо-талаптарга ээ. Алар мектептерде, бала бакчаларда, кошумча билим берүү мекемелеринде иштеп, усулдук, илимий жана башкаруучулук иштер менен алектенишет. Көбү магистратурада жана аспирантурада билимин улантып, Кыргызстанда да, чет өлкөлөрдө да профессионалдык карьерасын ийгиликтүү өнүктүрүп жатышат.

Факультеттин байланыштары

Деканат: +996 (312) 21-89-12

Дареги: Чынгыз Айтматов проспектиси, 27

E-mail: dekanat.fpo@bhu.kg