2026-жылдын 1-апрелинде академик К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде GDCAU эл аралык долбоорунун алкагында экологиялык челленж өткөрүлдү. Иш-чара студенттердин экологиялык маданиятын өнүктүрүүгө жана экосистемалардын туруктуулугун сактоого багытталган.
Иш-чара университеттин студенттери тарабынан уюштурулуп, окутуучулардын жана университеттин администрациясынын колдоосу менен өткөрүлдү. Челленждин негизги максаты — айлана-чөйрөгө жоопкерчиликтүү мамилени калыптандыруу, жаштардын экологиялык маалымдуулугун жогорулатуу, ошондой эле туруктуу өнүгүүнүн актуалдуу маселелерине көңүл буруу болду.
