Мазмунга өтүү

К. Карасаев атындагы БМУда Башкыр мамлекеттик педагогикалык университети менен кызматташтыктын келечеги талкууланды

В БГУ имени К. Карасаева обсудили перспективы сотрудничества с Башкирским государственным педагогическим университетом

Академик К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде ректор Мирлан Дылдаевдин М. Акмулла атындагы Башкыр мамлекеттик педагогикалык университети университетинин делегациясы менен расмий жолугушуусу болуп өттү.

Делегациянын курамында жаштар саясаты жана эл аралык байланыштар боюнча проректор Радик Юлбаев жана Аналитикалык борбордун директору Эдуард Саттаров болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар билим берүү, илим жана жаштар саясаты багыттарында эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин жана келечегин талкуулашты. Өзгөчө көңүл академиялык мобилдүүлүккө, биргелешкен билим берүү программаларын жана илимий изилдөөлөрдү ишке ашырууга бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өнөктөштүк мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө өз ара кызыкдар экендигин тастыктап, белгиленген демилгелерди жакын арада ишке ашырууга даяр экендиктерин билдиришти.