Мазмунга өтүү

БМУда кыргыз коомунун туруктуу өнүгүү идеологиясына арналган эл аралык конференция өттү

В БГУ прошла международная конференция об идеологии устойчивого развития кыргызского общества

2025-жылдын 30-майында К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин Педагогика факультетинде «Уңгу жол — кыргыз коомунун туруктуу өнүгүүсүнүн идеологиясы» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Иш-чараны Педагогика жана психология кафедрасы уюштурду. Модератор — п.и.к., доцент Элзада Сабырова болду.

Конференциянын жүрүшүндө илим менен тарбиянын байланышы, мамлекеттик тилди өнүктүрүү, көп маданияттуу билим берүү жана педагогикалык практиканын актуалдуу маселелери талкууланды.

Төмөнкү куттуктоо сөздөрүн айтышты:

         • Мелис Мураталиев мамлекеттик тилдин орду жана тил саясатынын стратегиясына токтолду.

         • Советбек Байгазиев улуттук өзгөчөлүк жана маданий мурастарды сактоо темаларын кеңири айтты.

         • Гүлнара Мурзахмедова илимий изилдөөлөр менен практикалык ишмердүүлүктүн байланышын баса белгиледи.

         • Кыргызбай Добаев тил жана адабиятты окутуунун методикалык аспектилери менен бөлүштү.

         • Нурбүбү Асипова – улуттар аралык байланыш жана социалдык педагогика боюнча доклад жасады.