Факультеттер / Орус филологиясы факультети
Декандын саламы

Урматтуу достор, өнөктөштөр, ата-энелер, абитуриенттер, студенттер, бүтүрүүчүлөр!
Факультет жогорку квалификациялуу, атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдайт. Алар - филологдор, мугалимдер, лингвисттер жана жаңы муундагы котормочулар, бир нече тилдерди жана маалыматтык технологияларды жакшы билген, эмгек рыногунда талап кылынган, өлкө ичинде да, чет өлкөлөрдө да иштөө үчүн даяр адистер. Орус филологиясы факультетинин бүтүрүүчүлөрү кесипкөйлүгү, өз ишин сүйүүсү, педагогикалык чеберчилиги менен айырмаланышат. Кыргызстандын келечек тагдыры үчүн жоопкерчиликти түшүнүү менен мамлие кылышат. Факультет ар дайым өзүнүн мыкты студенттери жана бүтүрүүчүлөрү менен сыймыктанып келген жана сыймыктана берет.
Орус филологиясы факультетине кош келиңиздер!
Орус филологиясы факультети
Орус филологиясы факультети 1979-жылы 29-майда негизделген.
Факультет академиялык билим берүүнүн салттарын жана инновацияларын, теориялык жана практикалык ишмердүүлүгүн, билими менен чеберчилигин айкалыштыруу менен өнүгүүнүн узак, татаал жолун басып өтүп, заманбап илимий, билим берүү, маданий борборго жана Кусейин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин алдыңкы факультеттеринин бирине айланды.
Факультет студенттерге жана мугалимдерге болгон жогорку талаптары, бүтүрүүчүлөрдүн жогорку деңгээли менен айырмаланат жана муундар ортосунда ачык диалог жүргүзүп турат.
Орус филологиясы факультети ийгиликке карай жолдогу старттык аянтча.
Терең филологиялык жана кеңири гуманитардык даярдык факультеттин бүтүрүүчүлөрүнө өлкө ичинде жана чет өлкөлөрдө магистратурада, аспирантурада жана докторантурада билимин улантууга, коомдук турмуштун каалаган чөйрөсүндө өзүнүн мүмкүнчүлүгүн ишке ашырууга, жаңы кошумча жана тектеш кесиптерди оңой өздөштүрүүсүнө шарт түзүп, эмгек рыногунда ага кеңири жол ачат.
Факультет Россия, Кытай, Түркия, Германия, Беларусь, Казакстан өлкөлөрүнүн алдыңкы университеттери менен активдүү кызматташып, биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашырып келет. Чет элдик алдыңкы университеттер менен тыгыз байланыш студенттерге жана аспиранттарга стажировкадан ийгиликтүү өтүү мүмкүнчүлүгүн берет.
Учурда факультет заманбап билим берүү тармагында акыркы жетишкендиктерди, илим-билимдин алдыңкы тажрыйбаларын колдонуп, бардыгын чоң ынтымактуу үй-бүлөгө бириктирип, активдүү өнүгүүсүн улантууда.
Абитуриенттер үчүн маалымат
Урматтуу абитуриенттенр! Жашооңуздарда абдан жоопкерчиликтүү учур келди: сиздер өзүңүздөрдүн турмушуңуздарда келечек жолуңарды жана кесибиңиздерди тандоо босогосунда турасыздар. Ошондуктан туура чечим кабыл алуу өтө маанилүү. Ал сиздер үчүн олуттуу мүмкүнчүлүктөрдү жана жакшы келечекти камсыз кылып, ийгиликтүү кесип ээси болушуңуздарга жол ачат.Бүгүнкү күндө сиздер өзүңүздөрдүн бардык таланттарыңызды ачууга жардам бере турган кесипти тандап алганыңыз маанилүү жана аны менен жашоо чындап кызыктуу болот.
Алдыда студенттик жашоо, кесиптик өнүгүү жана жеке өсүү мезгили турат. Студенттик мезгил сиздин келечегиңиздин пайдубалын түзгөн убакыт. Бул жылдарды кандай өткөрөсүз, жашооңуздагы келечектеги жолуңузду аныктайт. Ошондуктан адистикти тандоого өзгөчө жоопкерчилик менен мамиле кылуу абдан маанилүү.
Факультетте окуу оңой иш эмес, бирок абдан кызыктуу. Сизди унутулгус студенттик жылдарыңыз, жаңы билим жана ачылыштар, курсташитар жана атактуу инсандар менен баарлашуу күтөт.
Орус филологиясы факультети – бул сиздин окууңуз илимдин, билим берүүнүн, котормочулуктун жана котормо таануунун кызыктуу дүйнөсүнүн ачкычы боло турган жер! Орус тили дүйнөдөгү негизги тилдердин бири экендигин дайыма эсиңе тут! Орус тили сизге дүйнөлүк маданияттын эшигин ачат!
Биз сизге, сиздин мүмкүнчүлүктөрүңүзгө ишенебиз жана ийгиликтүү келечекти түзүүгө жардам бере турган билимди, ишенимди, чыгармачылыкты берүүгө даярбыз!
Урматтуу абитуриенттер, сиздерди орус филологиясы факультетинин чыгармачыл студенттеринин ынтымактуу үй-бүлөсүндө көргөнүбүзгө кубанычтабыз!
Сизге жаңы ийгиликтерди, жетишкендиктерди жана туура тандоону каалайбыз! Баардыгыңыздарга ак жол!
Факультеттин байланыштары




